Германиянын "Шальке" футболдук клубу "Газпром" менен болгон келишимин бузду
Германиянын "Шальке" футболдук клубу расмий сайтына Орусиянын "Газпром" компаниясы менен келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулганын жарыялады.
"Шальке 04" клубунун директорлор кеңеши Байкоочу кеңештин макулдугу менен "Газпром" менен өнөктөштүктү мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алды. Аткаруу кеңеши жана Байкоочу кеңеш учурдагы башкы демөөрчүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө жана кошумча маалымат убагында жарыяланат", - деп айтылат клубдун билдирүүсүндө.
"Газпром" компаниясы германиялык клубга 2007-жылдан бери демөөрчү болуп келет. Өнөктөштүк мамилелерди түзүүнүн аркасында клубдун спорттук формасынын алдыңкы бетинде "Газпромдун" логотиби болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.