super.kg logo

Володимир Зеленський орусиялыктар менен сүйлөшүү жыйынтык бербегенин айтат

 

28-февралда Беларуста Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү болуп өттү. Анда тараптар бир чечимге келе алышпай, сүйлөшүүнүн экинчи этабы жакынкы күндөрдө орун алары кабарланды.

Украинанын президенти Володимир Зеленський дагы тараптардын сүйлөшүүсүнөн жыйынтык болбогонун айтып буларга токтолду.

"Азырынча биз каалаган жыйынтыкка ээ боло элекпиз. Орусия өз позициясын билдирди, согушту токтотуу үчүн биз тараптан пикирлер айтылды. Биз кээ бир сигналдарды алдык. Орусия кысым көрсөтүүгө аракет кылып жатат, бирок биз андай тактиканы кабыл албайбыз. Согуш башталгандан бери Украинага каршы 56 ракеталык сокку урулуп, 113 канаттуу ракета атылды. Харьковду аткылоо согуштук аракет, ал жерде бир дагы аскерий объект жок. Орустар кайсы жакка ок чыгарганын билген. Делегация Киевге кайтып келгенде, биз айтылгандардын баарын талдап, андан кийин сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы кандай өтөрүн чечебиз", - деди ал.

Ошондой эле Зеленський Орусия үчүн аба майдандарды, портторду жаап, орусиялык өндүрүшчүлөрдүн товарларын сатып алуудан баш тартуу керек деген пикирин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: