Бишкекте унаа уурдоого шектелип 18 жаштагы бала кармалды
Милициянын кайгуул кызматынан Бишкекте унаа айдай качканга шектелип 18 жаштагы бала кармалганын кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 28-февралда саат 09:20 чамасында 102 кызматына унаа уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барганда, 24 жаштагы К.А. аттуу тургун үйүнүн жанында от алып токтоп турган Тойота Виш үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адам айдап качып кеткенин айткан.
Кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 18 жаштагы Н.А. аттуу адамды кармап, Ленин райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.