Бишкекте 12 жашар кызын зордуктоого айыпталган киши 2 айга камакка алынды
Бишкекте 12 жашар кызын зордуктаган деп 37 жаштагы киши камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-февралда милицияга 12 жашар кыз атасы тарабынан зордукталганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган укук коргоо органдарынын кызматкерлери 12 жашар кызды 37 жаштагы атасы мас абалында зордуктаганын аныкташкан.
Бул окуя боюнча 154-берене (зордуктоо) менен кылмыш ишин козгошкон.
Айыпталуучу камакка алынып, райондук сот аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.