super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча Консультативдик кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү

 
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев 23-ноябрда “Кумтөр” долбоору боюнча “Centerra Gold Inc.” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Консультативдик кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 
Жогорку Кеңеште каралган маселенин натыйжасында түзүлгөн 3 жумушчу топтун мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөн жыйынга тажрыйбалуу серепчилер катышты. 
Анда “Кумтөр” долбоорун түзүмдөштүрүү боюнча жумушчу топ сунуштаган ар түрдүү варианттар жана “Кумтөр” биргелешкен ишканасын башкаруу формасы талкууланды. 
Премьер-министр кеңешменин жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевге “Кумтөр” боюнча жаңы Келишим долбоорун даярдоо үчүн серепчилерди, юристтерди жана адистерди тартууну тапшырды. 
Жумушчу топко техникалык-өндүрүштүк жана экологиялык маселелерди камтыган ишин жыйынтыктоо үчүн “АМЕС” (КР Өкмөтүнүн экологиялык маселелер боюнча эл аралык кеңешчиси) компаниясы менен биргелешип иштөө сунушталды. 
Консультативдик кеңештин катчылыгына “Centerra Gold Inc.” компаниясына биргелешкен ишкананын укуктук-уюштуруучулук иштери боюнча жумушчу топтун сунушун жеткирүү жагы айтылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: