219 миллион сомдон ашык карызды эсептен негизсиз чыгарышкан. Нарында "Чыгыш электр" ишканасынын мурдагы кызматкерлери кармалды

Белгилүү болгондой, "Чыгыш электр" ишканасынын Нарын филиалынын жооптуу кызматкерлери 2016-жылдан 2020-жылга чейин электр энергиясына болгон 219 миллион 667 миң 300 сом өлчөмүндөгү карызды эсептен негизсиз чыгарышкандыгы аныкталган.
Бул факты боюнча 336-берене (корруция) менен кылмыш иши козголгон.
"2022-жылдын 28-февралында Башкы прокуратуранын тергѳѳ тобу тарабынан Тянь-Шань райондук электр тармактарынын жетекчиси Б.Т.О., "Чыгыш электр" ишканасынын Нарын филиалынын мурдагы директорлору А.А.А., Ж.А.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки ѳндүрүш иштери улантылууда", - дешет мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.