Орусиянын тышкы иштер министри сөз сүйлөп баштаганда Женевадагы залдан бир нече делегация чыгып кетти
Женевадагы куралсыздануу боюнча конференцияга катышкан бир катар батыш делегациялары Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сөз сүйлөп баштаганда бойкоттун белгиси катары залдан чыгып кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, берүү башталганда конференцияга катышкан өлкөлөрдүн көпчүлүк дипломаттары залдан чыгып кетишкен. Министрдин сөзүн угуу үчүн Йемен, Алжир, Венесуэла, Сирия жана Тунистен келген делегациялар гана калган.
Сергей Лавров Женевадагы куралсыздандыруу боюнча конференцияга Евробиримдик өлкөлөрү Орусия үчүн асманын жапкандыгынан улам бара албай калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.