super.kg logo
  Саясат  

Талант Мамытов Кытайдын элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды

 

1-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Кытайдын Кыргыз мамлекетиндеги атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо жана парламенттик кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Алгач төрага Талант Мамытов Кытай Эл Республикасынын Кыргыз мамлекетиндеги атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди эки өлкө ортосундагы дипломатиялык кызматташтыктын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташтык бардык багыттар боюнча өнүгүү жолунда бара жаткандыгын белгилеген Талант Мамытов мамлекет башчыларынын жыл башында болгон жолугушуусу тууралуу сөз кылды. Президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын лидери менен болгон жолугушуусунда алдыдагы кызматташтыктын жаңы багыттары белгиленип, кабыл алынган макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланганын кошумчалады.

Ошондой эле төрага Талант Мамытов 50 миллион юань өлчөмүндө аскердик жардам көрсөткөндүгү үчүн Кытай өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Ал эми атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Ду Дэвэнь Кытай Кыргыз мамлекетине эң жакын кошуна, дос жана ишенимдүү өнөктөш мамлекет экендигин белгилеп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин көтөрдү. Март айынын аягында Кытай Эл Республикасынын Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу менен Жогорку Кеңештин төрагасынын эки тараптуу жолугушуусун сунуштады. Муну менен катар Кытай тарап Кыргыз өлкөсүнүн парламентинин ишмердүүлүгүн өнүктүрүү максатында акчалай колдоо көргөзө тургандыгын маалымдады.

Өз кезегинде төрага Талант Мамытов сунушталган жолугушууну канааттануу менен кабыл алып, эки мамлекеттин парламенттеринин кызматташуусун өнүктүрүү тууралуу сөз кылды. Ага ылайык, бул багытта Кытай элчилиги менен тыгыз байланышта иш алып барууга кызыкдар экендигин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: