super.kg logo

"Манас" аэропортунда жансыз денеси багаждан табылган таксисттин өлүмү. Айыпталуучулардын бири өмүр бою эркинен ажыратылды

 

"Манас" аэропортунун аймагында унаанын багажынан жансыз денеси табылган Хусан Каримовдун өлүмүнө айыпталган 2 жаранга сот чечим чыгарды. Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан кабарлашкандай, соттун өкүмү 28-февралда чыкты.

Ага ылайык, айыпталуучу И.А.М. 41-берененин 2-бөлүгү, 122-берененин 2-бөлүгүнүн 7,10,12,16-пункттары менен (эски редакция) күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды.

Ал эми Б.Ч.А. 41-берененин 4-бөлүгү, 122-берененин 2-бөлүгүнүн 7,10,12,16-пункттары жана 267-берененин 2-бөлүгү менен (эски редакция) күнөөлүү деп табылып 16 жылга эркинен ажыратылды.

Окуянын чоо-жайы:

Хусан Каримовдун жансыз денеси 2019-жылдын октябрь айында "Манас" аэропортунун аймагында унаанын багажынан табылган. Маркумдун сөөгү табылганга чейин (бир күн мурда) агасы милицияга кайрылып, иниси аэропорт жакка кеткен бойдон кайрылып келбегенин билдирген.

Таксисттин өлүмүн Түркияда киши колдуу болуп каза болгон ишкер Айэркен Саймаитинин окуясы менен байланыштырган бир катар маалыматтар чыккан. Бирок Ички иштер министрлиги муну четке каккан.

Хусан Каримовдун өлүмүнө шектелип мурун соттолгон Чүй облусунун 27 жаштагы тургуну Б.Ч. жана Ош облусунун 32 жаштагы тургуну И.А. кармалган. Кармалгандардан 100 миң доллардан ашык акча табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: