Нарында 6 күн мурда үйүнөн чыгып кеткен 56 жаштагы киши дайынсыз болууда





Нарында 56 жаштагы киши 24-февралда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, издөө иштери азырынча жыйынтык бере элек.
Маалыматка караганда, Жумгал районунун Байзак айылынын 56 жаштагы тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
"28-февралда жоголгон жарандын туугандары Жумгал суусунан издеп берүү өтүнүчү менен куткаруучуларга кайрылган. 1-мартта издөө иштерин жүргүзүү үчүн 6 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 35 киши жана 4 милиция кызматкери тартылды. Натыйжа болбогонуна байланыштуу издөө иштери бүгүн дагы уланууда", - дешет мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.