super.kg logo

Ошто киши колдуу каза болгон 23 жаштагы жарандын өлүмү. Шектүү Баткенден кармалды

 

Ош облусунун Өзгөн районунда 23 жаштагы жарандын өлүмүнө шектүү кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, шектүү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы мейманканада жашынып жүргөн.

Буга чейин, 27-февралда саат 23:35 чамасында Жылалды айылында 23 жаштагы жарандын жансыз денеси өз үйүндө табылганы тууралуу кабарланган. Жерине ыкчам топ барып, маркум киши колдуу каза болгону аныкталган.

"Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, далил буюмдар алынган. Ош облустук соттук-медициналык бюросунун экспертинин катышуусунда жансыз денеге сырттан кароо жасалган. Эксперттин айтуусунда, маркумдун башына учтуу буюм менен 3-4 жолу сокку болгон. Жансыз дене Өзгөн райондук өлүкканага жеткирилип, өлүмдүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык жана соттук-дактилоскопиялык экспертиза дайындалган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө, маркумдун минип жүргөн аты жана Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы Баткен облусунан табылды. 1-мартта Кызыл-Кыя шаарындагы мейманканалардын биринен өзгөчө оор кылмышка шектелген К. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилди. Шектүү Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынын тургуну, мурда соттолгон, 1974-жылы туулган И.К. экендиги белгилүү болду.

Кармалган жаран жактоочусунун катышуусунда видеокамераны колдонуу менен окуя боюнча суракка алынып, жасаган кылмышты толугу менен моюнга алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө", - дешет башкармалыктан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: