super.kg logo
  Саясат  

Эдил Байсалов Кыргыз өлкөсүнүн БУУга дагы үч миң жыл мүчө болуу ниети бар экенин айтты

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2023-2027-жылдарга БУУ туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтык боюнча рамкалык программасынын бет ачарында сөз сүйлөдү.

Анда иш-чаранын Кыргыз Республикасынын Бириккен улуттар уюмуна кабыл алынгандыгына 30 жыл толгон күнү өткөрүлүп жаткандыгы маанилүү экендигин белгиледи.

"Биздин өлкө БУУга мүчө болгондугуна 30 жыл толду жана бул убакыт аралыгында жарандардын жаңы мууну өсүп чыкты. Биз жаш, намыстуу жана алга умтулган өлкөбүз. Калкыбыздын үчтөн экисинен ашууну – отуз жашка чейинки жаштар. Ошондуктан эгемендүүлүктүн алгачкы отуз жылдык жыйынтыгын белгилеп жатып, биздин элибиз өзүнүн эгемендүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн жогору баалап, кийинки үч миң жылда БУУга мүчө болуп кала берет деп айта алабыз", - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Эдил Байсалов жакынкы жылдарда Кыргыз өлкөсүндөгү БУУнун агенттиктеринин ишинде ийкемдүүлүк жана республиканын жетекчилиги тарабынан бекитилген өлкөнү туруктуу өнүктүрүү программасынын артыкчылыктуу багыттарын колдоо зарылдыгын белгиледи.

Бүгүн ЮНДАФ Стратегиялык координациялык комитетинин жыйыны министрлер кабинетинин жетекчилигинин жана мүчөлөрүнүн жана Бириккен улуттар уюмунун тутумунун бардык кеңсе өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: