super.kg logo

Бишкекте унаа уурдоого шектүүлөр изделүүдө

 

Бишкекте унаа уурдоого шектүүлөр изделүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга шаар тургуну кайрылып, былтыр 30-декабрда Субару Легаси үлгүсүндөгү унаасын уурдоого аракет кылган адамдарга чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Унааны уурдагандарды көп узабай эле милиция кызматкерлери байкап калып токтотушкан. Алар унаа менен из жашырып кетүүгө аракет кылышып, бирок жол кырсыгына кабылышкандан кийин жөө из жашырып кетишкен.

Унаадан 20-25 жаштардагы кебетеси азиялык болгон эки жигит качып чыккан. Бойлору 175-180 сантиметр чамасында.

Алардын биринин кашынын алдында тырык бар. Кара күрмө, кара шым, кара баш кийим кийип жүргөн. Бутунда ак бут кийим болгон.

Сүрөттөгү адамды көргөндөр болсо, төмөнкү номерге кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 102, 0 500 444-143.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: