Жогорку Кеңеш акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматованын талапкерлигин колдоду
Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңеш акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматованын талапкерлигин колдоду.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында, Абдрахматова 50 добуш менен акыйкатчы кызматына бекитилди.
Бул кызматка Атыр Абдрахматова, Маматурайым Момунов, Бакытбек Үсөнбаев, Турсунбек Акундун талапкерлиги сунушталган.
Буга чейин аталган кызматты Токон Мамытов аркалап келген. Ал былтыр парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
3

