super.kg logo

2021-жылы MegaCom Кыргызстандын бюджетин 2,6 миллиард сомго толуктады

 

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору коомчулук алдында отчёттуулукту жана ачык-айкындыкты камсыз кылуу саясатын жетекчиликке алуу менен «Альфа Телеком» ЖАКтын 2021-жыл үчүн каржылык жыйынтыгын жарыялайт.

Оператордун маалыматтарына ылайык, 2021-жылдын 12 айынын ичинде MegaCom Кыргыз Республикасынын бюджетин 2,595 миллиард сомдон ашык суммага толуктады. Анын ичинде:

  • салыктык төлөмдөр жана отчёттук мөөнөт ичиндеги чегерүүлөр дээрлик 1,304 миллиард сомго барабар;
  • мамлекеттик бюджетке которулган жана башка төлөмдөрдүн суммасы 0,897 миллиард сомдон ашты;
  • 2020-жылдагы каржылык ишмердүүлүк үчүн 2021-жылы төлөнгөн дивиденддер 0,395 миллиард сомдон ашык сумманы түздү.

Мындан тышкары «Альфа Телеком» ЖАКтын 2021-жылдагы таза кирешеси 1,503 миллиард сомго барабар болгондугу маалымдалды.

Коомчулукка маалым болгондой, MegaCom оператору 100 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү ишкана катары каржылык милдеттерин өз убагында жана толук көлөмдө аткаруу менен Кыргыз Республикасынын бюджетин толуктап келет.

"MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору ишкананын кирешесин жана Кыргызстандын бюджетине төлөнүүчү төлөмдөрдүн көлөмүн мындан ары да көбөйтүүнү максат кылат", – деп белгилей кетти 2021-жылдын жыйынтыгы тууралуу кеп учугун улап жатып «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Азат Базаркулов. Муну менен катар эле MegaCom компаниясы түйүндүн камтуу аймагын кеңейтүүгө, ыңгайлуу тарифтик пландарды жана санариптик кызматтарды ишке киргизүүгө басым жасамакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: