Евробиримдик Украинага 500 миллион еврого чукул каражат бөлөт
Евробиримдик Украинага гуманитардык жардам катары 500 миллион еврого чукул каражат бөлөт. Бул тууралуу Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен Твиттердеги баракчасына жазды.
"Биз Евробиримдиктин бюджетинен гуманитардык жардам катары 500 миллион еврого чукул каражат жөнөтөбүз. Алдыда мындан дагы көп болот. Биз Европанын бардык булуң-бурчунан келген жардамды Украинага карай чек ара бекеттерине жеткиребиз", - деп жазган ал.
Эске салсак, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган. Учурда эки тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.