super.kg logo

Орусиянын борборун Сибирге көчүрүү сунушталды

 

Орусиялык миллиардер, "Вольное дело" фондунун негиздөөчүсү Олег Дерипаска Орусиянын борборун Москвадан Сибирге көчүрүүнү сунуштады. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай пикирин миллиардер Красноярск экономикалык форумунда айтып, Орусияда башкаруу системасын өзгөртүү керектигин белгилеген.

издин бардык кызыкчылыктарыбыз Азияда болсо, Москвада борбордун эмне кереги бар? Балким, ал Новосибирскте же Красноярскта болсо таптакыр башкача көрүнүшү мүмкүн. Биз бул кадамга даяр эмеспиз, бирок келгиле, өткөрүп берели. Бул жерде башкаруунун бир бөлүгү. Жаңы банктар, жаңы финансылык институттар түзүлөт. Ооба, жөнөкөй нерселер үчүн Москвага учуп баруунун эмне кереги бар?", - деген ал.

Миллиардердин айтымында, ал өзү үчүн көптөгөн тыянактарды жасаган жана алар менен бөлүшүүгө даяр.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын август айында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Орусиянын борборун Сибирге көчүрүүнү, андан тышкары аталган аймакка миллионго чейин калкы бар беш жаңы шаар курууну сунуштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: