super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров мамлекеттик туунун авторлоруна мамлекеттик наамдарды ыйгарды

 

Бүгүн, 3-мартта өлкө башчы Садыр Жапаров мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата мамлекеттик символдун авторлору Жусуп Матаев, Бекбосун Жайчыбеков жана Эдил Айдарбеков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Өлкө башчысы сүрөтчүлөрдү мамлекеттик символдордун биринин авторлорун 30 жылдык мааракеси менен куттуктаган.

"Кыргыз элинин желеги ар дайым бейпил асманда желбиреп турсун. Өлкөбүздө молчулук, токчулук болсун", - деген Садыр Жапаров.

Ал мамлекеттик туунун авторлоруна баа жеткис салымы, өлкөнүн эң маанилүү символдорунун бирин жаратканы жана республиканын көркөм сүрөт искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн чоң ыраазычылык билдирген.

Кыргыз элинин руханий маданиятын байытууга кошкон салымы үчүн сүрөтчү, С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик сүрөт окуу жайынын окутуучусу Жусуп Матаевге жана сүрөтчү, «Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр бирлигинин» Бекбосун Жайчибековго «Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү» ардактуу наамы ыйгарылган. Ошондой эле Н.Исанов атындагы курулуш, транспорт жана архитектура Кыргыз мамлекеттик университетинин архитектура кафедрасынын ага окутуучусу Эдил Айдарбековго «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылды.

"Мамлекеттик желектин авторлору алардын эмгеги бааланганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз өлкөсүнө гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык каалашты", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: