super.kg logo
  Саясат  

"Чимкирик экенсиңер" деп урушпагыла. Алтын албасаңар албай эле койгула". Балбак Түлөбаев алтын боюнча кайрадан пикирин айтты

 

Той-ашка кошумчаны алтын менен алып барууну салтка айлантсак деген сунушун Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Бул социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан. Андан соң депутат кайрадан билдирүү жасады.

"Алтын боюнча бир пикир айтсам элдин баары мени урушуп жатат. Алтының көппү, элде акча жок болуп жатса кайдагы алтынды айтасың дейт. Түркияда биз окуп жүргөндө бала төрөлсө, үйлөнсө бири-бирине алтын алып барат. Мунун пайдасы эмне деп таң калгам. Алтын алып барсаң, акча керек болгондо сатып жиберет. Алтындын баасы түшүп кетпейт. Бала төрөлгөндө көрүндүк беребиз. Алтын берели деген пикир киргиздим. Алтын алсак экономикага жан берет. Алып барган үйгө инвестиция болуп калат. Алтын албасаңар албай эле койгула. Торпок, тай берем десеңер бере бергиле, бул пикир. "Макоо, чимкирик экенсиңер" деп урушпагыла. Бул мыйзам эмес. Экономикага жандуу акча кирсин деген эле пикир болчу", - деп билдирди Түлөбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: