super.kg logo

Көчөдө аял менен эркектин мушташып жаткан видеосу боюнча милиция маалымат таратты

 

Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринде аял менен эркектин мушташа кеткен видеосу тарап, кызуу талкууга түшкөн.

Видеодон аял-эркек сүйлөшүп турганын, кийин аял биринчи болуп алаканы менен эркектин кулак тушуна сокку узатканын көрүүгө болот. Эркек жооп кылып сокку узатууга аракет кылып, бирок ал аракетинен майнап чыкпай, колу тийбей калган. Экөө жулмалаша кеткенде ары жакта турган адамдар келип ажыратып калышкан.

Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылганыбызда, иш учурунда иликтенип жатканын кабарлашты.

"15-январда милицияга Г.С. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда Юнусалиев көчөсүндө тилдеп, кийин денесине жаракат келтирген белгисиз адамга чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Бул окуя боюнча “бейбаштык” беренеси менен иш козголгон. Иликтөө ишинин жүрүшүндө шектүү катары С.К. аттуу 1985-жылы төрөлгөн адам милиция бөлүмүнө алып келинип, суракка алынган соң коё берилген.

Тийиштүү экспертизалар дайындалып, ал “денеге кыска убакытка жеңил жаракат келген” деп жыйынтык чыгарган. Ишти иликтөө азыр уланууда", - деп билдиришти милициядан.






Социалдык тармактарда эркек киши аялды сабап жаткан видео тарады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: