super.kg logo

Сиз үчүн жанымды берем". Рамзан Кадыров Владимир Путинден Харьков менен Киевди басып алууга буйрук берүүнү суранды

 

Чеченстан Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров Орусиянын президенти Владимир Путинден чечен аскекрлерине Харьков, Киев жана Украинанын башка шаарларын алууга буйрук берүүнү өтүндү. Бул тууралуу Кадыров знн телеграм каналына жазды.

"Биздин аскерлерге буйрук бериңизчи. Алар Харьковду, Киевди жана башка бардык шаарларды тез, так, натыйжалуу басып алышат. Урматтуу президент, мен сиз үчүн жанымды берүүгө даярмын. Бирок менин жана биздин согушкерлердин, коргоо министрликтеринин, Улуттук гвардиянын жана башка түзүмдөрдүн аскерлери кантип каза болуп жатканын көргүм келбейт. Баарына көз жумуп, ал жерде болуп жаткандарды бир-эки күндүн ичинде бүтүрүүүнү суранам", - деп жазды Кадыров.

Мындан тышкары, Чеченстандын башчысы Украинадагы кырдаалга токтолуп, аны Орусия үчүн коркунуч деп атап, жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жакшы экенин, бирок азыр орус жоокерлери, мекендештери согуштук аракеттерден улам өлүп жатканын белгилеген.

Буга чейин, Чеченстандын аскерлери Украинадагы ири аскердик базаны басып алгандыгы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: