Оштогу Нариман айыл өкмөтүнүн депутаты, юристи жана Суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси кармалды




УКМК тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн юристи А.А., Нариман жергиликтүү кеңешинин депутаты П.З. жана Суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси Н.Р. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кармалган жарандар туруктуу коррупциялык схеманы түзүп, мыйзамсыз документтештирүү жолу менен айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатууну уюштурушканы аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.
Азыркы учурда кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.