super.kg logo
  Саясат  

Эдил Байсалов балдардын интернетке көз карандылыгы боюнча кеңешме өткөрдү

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мектеп жашындагы балдардын санариптик көз карандылыгы боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эдил Байсалов белгилегендей, жагымсыз интернет-контент жана гаджеттерден көз карандылык көйгөйүнүн актуалдуулугу талашсыз.

"Биз гаджет жана смартфондордун ашыкча пайдаланылышы өсүп келе жаткан муундун өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жаткандыгын жакшы түшүнөбүз. Мектеп окуучулары ата-энелерине баш ийбестен, агрессия пайда болуп, айрым учурларда жагымсыз кесепеттерге алып келүүдө. Мамлекет бул багытта так иштерди алып баруусу зарыл", - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Ал кошумчалагандай, келечек муунду тарбиялоо программасын иштеп чыгуу керек, анда аталган багыттар боюнча мамлекеттик органдардын конкреттүү иш-чаралар планын киргизүү зарыл.

Өз кезегинде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маселени натыйжалуу чечүү үчүн ата-энелердин катышуусу маанилүү экендигин билдирди.

"Мектепте интернетти колдонууда чектөөлөр бар, ата-энелер үчүн эскертмелер иштелип чыккан, анда гаджеттердин баланын өнүгүүсүнө тийгизген таасири жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде жазылган. Бирок биз ар бир үй-бүлөгө келип, кооптуу сайттарды жаап, баланын мектептен сырткары эмне кылып жатканын текшере албайбыз. Ата-энелер балдарына көбүрөөк көңүл буруп, смартфон жана гаджеттерге карай убактысын чектеши керек. Ар дайым ата-эненин көзөмөлү керек", - деди билим берүү жана илим министринин орун басары.

Талкуунун жыйынтыгында, Эдил Байсалов мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпарыса Рысбековага бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде Конституциянын 10-беренесине ылайык, өсүп келе жаткан муунду коргоо боюнча ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: