super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров: "Жолдорду курууда жол жээгиндеги инфраструктураны түзүүгө каражат каралышы зарыл"

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда 19 маселе каралды.

Атап айтканда, министрлер кабинетинин мүчөлөрү транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевдин 2022-жылга карата жолдорду куруу пландары боюнча баяндамасын укту.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, мындан ары карай жолдорду курууда жол жээгиндеги тийиштүү инфраструктураны түзүү үчүн финансы каражаттары каралышы зарыл.

"Буга катар асфальт-бетон жолдорду куруунун көлөмүн көбөйтүү керек, ал эми керектүү материалдарды сатып алуу боюнча бардык тендерлер өз убагында жүргүзүлүшү шарт", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Андан соң Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов республиканын бардык калктуу конуштарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча пландары тууралуу маалымат берди.

Акылбек Жапаров коюлган милдетти чечүү үчүн зарыл болгон ченемдик-укуктук чечимдерди кабыл алууну тездетүүнү тапшырды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев министрлер кабинетине жаз жана жай мезгилиндеги мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарынын күчү жана каражаттарынын даярдыгы тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары жыйында республиканы санариптик өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын аткарылышы тууралуу маалымат угулуп, уставдык капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чаралар жактырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: