super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

 

Бүгүн, 5-мартта президент Садыр Жапаров Сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сот адилеттиги тармагынын өкүлдөрү катары сиздер жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндигин камсыз кылуу, коомдо жана мамлекетте мыйзам үстөмдүгү принциптерин чыңдоо милдетин өтөп келесиздер.

Бюджеттин чектелүү экенине карабастан, мамлекет сот системасынын адистеринин кесипкөйлүгүн жогорулатууга, анын материалдык-техникалык базасын жаңыртууга, судьялардын социалдык абалын жакшыртууга өзгөчө маани берип, каражат бөлүп келет. Бул чөйрө алдынкы технологияларды, анын ичинде санариптештирүүнү кеңири колдонууга жана электрондук сот адилеттигине өтүп жатат.

Ошондуктан судьялар жана аппарат кызматкерлери бул процесстерге уюштуруучулук жана техникалык жактан даяр болушу керек. Анткени мындай аракеттер 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн өтө маанилүү.

Сотторго адам тагдырына тиешелүү маселелерди чечүүгө ишеним берилген. Бул өтө жооптуу милдет экендигин баарыбыз жакшы билебиз.

Сот бийлигинин натыйжалуу ишине анын бардык институттарына болгон жарандардын ишеними жана мамлекеттеги туруктуу абал абдан көз каранды.

Жогоруда мамлекет тарабынан жасалып жаткан алгылыктуу иш-аракеттер кесиптик милдетин абийирдүү аткарып, элдин сот корпусуна болгон үмүтүн адилеттүү актап, мыйзамдарды сактоого өбөлгө болот деп ишенем.

Адамдардын сый-урматы менен ишенимине ээ болуу сиздердин күнүмдүк ишиңиздердин маанилүү багыттары болуп кала бериши абзел.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, күч-кубат жана мыйзам алдындагы жооптуу, түйшүктүү ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм", - деп куттуктады президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: