Ак калпак күнүнө карата Ош облусунун райондорунун ортосунда спорттук мелдеш өткөрүлдү
Кечээ, 5-мартта спорттун футзал жана волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Турнирге президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Ош облусундагы райондук мамлекеттик администрация аппаратынын кызматкерлеринен турган 8 команда катышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Мелдештин жыйынтыгы. Футзал:
1-орун Алай райондук мамлекеттик администрациясы;
2-орун Араван райондук мамлекеттик администрациясы;
3-орун Ош облусундагы өкүлчүлүк.
Волейбол:
1-орун Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы;
2-орун Алай райондук мамлекеттик администрациясы;
3-орун Ош облусундагы өкүлчүлүк.
Жеңүүчүлөргө жана мыкты оюнчуларга атайын белектер тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:46
2026-08-07
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















