super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 7-МАРТ: Мушкер Валентина Шевченко жарык дүйнөгө келген

 
Кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко 1988-жылы 7-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн.
Валентина Шевченконун жетишкендиктери – Муай-тай боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону. Түрдүү уруш өнөрлөрү боюнча дүйнөнүн 10 жолку чемпиону. Айымдар арасында "Дүйнөнүн мыкты тай боксчусу" наамынын ээси.
Валентинанын апасы Елена кезинде таэквондо менен машыккан. Валентинанын эжеси Антонина да ушул жолду тандаган. Валентина 5 жашта экенинде түрдүү спорт түрлөрү менен машыга баштайт. Кийин Павел Федотов аттуу машыктыруучу алып, аны октон күлүк, темирдей катуу кылып тарбиялап чыккан.
Муай тайдан ага Кыргызстанда, Азияда атаандаш жок болуп калган. Кийин Валентина Шевченко дзюдо боюнча "Кыргыз Республикасынын Спорт чебери" аталган. Эркин күрөш боюнча көп мелдештерде байгелүү орун алган. Атактуулуктун арты менен түрдүү семинарларга, сыйлуу жайларга чакырыла баштаган. Ошондой деңгээлге жеткен соң каарманыбыз Орусияга жөнөп, кийин бокс боюнча айымдар арасында "Орусиянын чемпиону" аталган. Анан семинарлардын биринде Перудан баш тартылгыс сунуш түшүп, ошол өлкөгө аттанган.
2021-жылы 26-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC 266 турнири өтүүдө жана бул турнирде UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко америкалык мушкер Лорен Мёрфиге каршы алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоду.
Валентина Шевченко championat.com сайтынын сурамжылоосу боюнча UFC'деги эң мыкты мушкер айым аталды.
7-марттын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: