Өзбекстанга мыйзамсыз унаа алып чыгып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды
Өлкөдөн Өзбекстанга мыйзамсыз унаа алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Таза-Суу жерлигинде чек арачылар Кыргыз жаранынын башкаруусунда Daewoo-Nexia үлгүсүндөгү унааны кармашкан.
Текшерүү учурунда айдоочуда унаага тиешелүү документтер чыккан эмес. Ал унааны Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.
Тиешелүү документтер катталгандан кийин кармалган жаран жана жүктөр кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.