Мексикада футбол учурунда стадиондо күйөрмандар мушташып, 17 адам каза болду (видео)
Мексиканын Сантьяго-де-Керетаро шаарындагы "Коррехидора" стадионунда күйөрмандардын катышуусундагы массалык мушташтан кийин "Керетаро" жана "Атлас" командаларынын беттеши токтотулду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, беттештин 60-мүнөтүндө үй ээлери болгон "Керетаро" командасы бир гол өткөрүп алган. Мындан улам аталган команданын күйөрмандары агрессивдүү болушуп, VAR системасынын жабдууларын талкалап, талаага чуркап чыгышкан. Натыйжада мушташ орун алып, 17 күйөрман каза болгон. Мушташтан эң көп жабыр тарткандар "Атлас" футболдук клубунун күйөрмандары.
Жыйынтыгында беттеш токтотулган. Полиция бул боюнча терең изилдөө иштерин баштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.