Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолун курууга 850 миллион доллар сарпталат
Кыргызстандын Түндүк-Түштүк
альтернативдик унаа жолун курууга кетүүчү каражаттын суммасы 850 миллион долларга
бааланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш
министрлигинен маалымдашты.
Автор: Темирбек Матаев
Маалыматка караганда, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу үч этаптан курулат. 154 чакырымды түзгөн
Кызыл-Жылдыз-Арал айылдары менен Казарман-Жалал-Абад шаары аркылуу өтө турган
жолдун курулушу 1-этапты түзүп, ага 400 миллион доллар сарпталат. 2-этапты 96
чакырымга созулган Арал-Казарман айылдары аркылуу өтө турган жолдун курулушу
түзөт. Бул аймакта 0,7 чакырымга созулган тоннель курулуп, аны ишке киргизүүгө
284 миллион доллар чыгымдалат. Балыкчы шаары менен Кызыл-Жылдыз (узундугу 183
чакырым) айылы аркылуу өтө турган жолдун курулушу 3-этапты түзүп, аны курууга
166 миллион доллар жумшалат.
Министрликтин
маалыматында, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу түндүктөн Орусия менен
Казакстандын, түштүктөн Тажикстандын жолдоруна кошулуп, Өзбекстанды айланып
өтүүгө мүмкүн болгон Орусия-Тажикстан транзиттик коридорун ишке киргизүүгө
жардам берет. Мындай мүмкүнчүлүк Кыргызстан менен Тажикстандын Бажы биримдигине
кирүүсүнө мыкты шарт түзөт. Кыргызстандын Түндүк-Түштүк
альтернативдик унаа жолун куруунун 1-этабын Кытайдын экспорт-импорттук банкы
каржылайт. Ал жылына 2%дык үстөк менен 20 жылга насыя берип, Кыргызстан аны 11
жылдан кийин төлөй баштайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

