super.kg logo

Орусия-Украина кырдаалы: "Алюминийдин тоннасы 4000 доллар". Украинадагы акыркы кырдаал

 

2022-жылдын 24-февралында атайын операцияны баштаган Орусиянын Украинада салгылашуусу уланууда. Кагылышуудан аскерлердин жана тургундардын арасында каза болгондордун саны өсүүдө. Өз кезегинде Европа жана батыш өлкөлөрү Орусияга санкцияларды киргизип жатса, Европада газдын баасы саат сайын өсүп жатат.

SUPER.KG порталы Украинадагы акыркы кырдаалга көз салды:

1. Орусиянын делегациясы Брестке барды. Сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раундунун башталышы Бишкек убактысы боюнча саат 18.00гө белгиленген. Бирок украин тараптан маалымат бериле элек;

2. Украин маалымат каражаттары кабарлагандай, бүгүн Гаагада Украинанын Орусияга каршы доо арызы боюнча Эл аралык соттун угуусу башталды;

3. Европада газдын баасы кайрадан өсүүсүн тездетип, тарыхта биринчи жолу 1000 куб метрине 3900 доллардан ашты;

4. Орус аскерлери украиналык 14 учакты, тик учактарды жана учкучсуз учактарды атып түшүрүштү;

5. Лондон металл биржасында алюминийдин баасы тарыхта биринчи жолу тоннасына 4 миң долларга жетти;

6. Луганск элдик республикасынын башчысы республиканын дээрлик бүт аймагы украин аскерлеринен бошотулганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: