super.kg logo

Орусиядан 150дөн ашык журналист чыгып кетти. Себеби айтылды

 

Украинадагы согуштук аракеттерден улам 150дөн ашуун журналист Орусиядан чыгып кетти. Мындай маалыматты орусиялык "Агентство" басылмасы жазып чыкты. Андагы маалыматка караганда, журналисттердин кетүүсүнө Орусиядагы аскердик цензуранын киргизилиши себеп болгон.

"Биз 17 редакциянын кызматкерлери менен маектешип, акыркы күндөрү Орусиядан 150дөй журналист чыгып кеткенин эсептеп чыктык. Көптөгөн массалык маалымат каражаттарында журналисттердин олуттуу бөлүгү, мисалы, "Медузанын" Москвадагы редакциясынын дээрлик бардык, тактап айтканда 20га жакын кызматкери кетишкен. "Дождь", "Эхо Москвы" жана "Новая газетанын" журналисттери да кетишти. Кээ бир кесиптештерибиз кетип жатканын ачык жарыялашты, мисалы "Дождь" гезитинин башкы редактору Тихон Дзядко, ошол эле каналдын алып баруучусу Михаил Фишман, "Республика" басылмасынын башкы редактору Дмитрий Колезев, киносынчы Антон Долин", - деп айтылат кабарда.

Батыштын алдынкы маалымат каражаттарынын кеңселери да эвакуацияланды. "Би-Би-Си", "Bloomberg" жана "Liberty" радиосунун орус кызматынын кызматкерлеринин көбү өлкөдөн чыгып кетишкен.

Украина менен Орусиянын ортосундагы кагылыш 24-февралда башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Анын кесепетинен аскерлердин жана карапайым калктын арасында курман болгондордун саны өсүүдө. Бул окуядан кийин көптөгөн өлкөлөр Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизишти жана киргизүүнү улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: