super.kg logo
  Спорт  

Мексикада оюн учурунда 17 адамдын өлүмү: ФИФА бул боюнча билдирүү таратты

 

ФИФА уюму Мексика чемпиондугунун 2022-жылдагы сезонунун 9-турдук оюнундагы "Керетаро" - "Атлас" беттешинде болгон тополоңго реакция кылды.

"ФИФА Мексикада болгон трагедиялуу окуяга таң калды. Зордук-зомбулукка жол берилгис жана чыдагыс нерсе. ФИФА Мексиканын футбол ассоциациясына, Түндүк жана Борбордук Америка, Кариб бассейнинин футбол конфедерациясына (КОНКАКАФ) кошулуп, бул жапайы окуяны айыптады. Биз жергиликтүү бийликти күнөөлүүлөрдү тез арада жоопко тартууга чакырабыз. Биздин оюбуз тополоңдон жапа чеккендердин бардыгында. ФИФА футболдо зордук-зомбулукка орун болбошу керектигин дагы бир жолу кайталагысы келет жана биз аны жок кылуу үчүн бардык кызыкдар тараптар менен иштешүүнү улантабыз", - деп жазылды ФИФА уюмунун расмий сайтына.

Эскерте кетсек, Мексиканын Сантьяго-де-Керетаро шаарындагы "Коррехидора" стадионунда күйөрмандардын катышуусундагы массалык мушташтан 17 адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: