Орусияда Тик-Ток менен Фейсбук бөгөттөлгөндөн бери Вконтакте социалдык тармагы активдүү колдонулуп жатат
Орусияда Тик-Ток жана Фейсбук социалдык тармагы бөгөттөлгөндөн бери ВКонтакте социалдык тармагынын колдонуучуларынын саны кескин түрдө өстү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 21-февралдан 27-февралга чейин ВКонтакте социалдык тармагынын колдонуучуларынын саны 200 миңге көбөйгөн.
Аталган социалдык тармак өзгөчө орусиялык шоу-бизнес өкүлдөрү арасында активдүү колдонулуп жаткандыгы байкалган. Алардын арасында ырчылар Ольга Бузова, Сергей Жуков, ишкер Курбан Омаров, теле алып баруучулар Андрей Бочаров жана Марина Ким, актёрлор Станислав Ярушин менен Денис Косяков да бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.