Чүйдө 11 жашар баланын жансыз денеси сарайдан табылды

Чүйдө 11 жашар баланын жансыз денеси сарайдан табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 5-мартта Панфилов районунун Чалдовар айылында болгон. Милицияга ошол күнү аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 11 жашар баланын жансыз денесин алып келишкени кабарланган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө бала сарайда асылып турган жеринен табылганы белгилүү болгон.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.