super.kg logo

АКШ Орусиядан мунай импорт кылууга тыюу салды

 

Украинадагы акыркы окуяларга байланыштуу Америка Кошмо Штаттары Орусиядан мунай жана газ импорттоого тыюу салуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу президент Жо Байденге таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Байден Орусиянын мунай импортуна тыюу салуу чечимин союздаштары менен кеңири сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынганын айткан. Ошондой эле бул чечимден кийин газдын баасы көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертип, бирок мунай компанияларын бааны негизсиз көтөрүү аракеттерине каршы экенин билдирди.

Буга чейин Улуу Британиянын өкмөтү 2022-жылдын аягына чейин Орусиянын мунай продуктуларынын импортун токтоторун жарыялаган.

Эске салсак, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган. Буга байланыштуу аталган өлкөдөн коңшу мамлекеттерге 2 миллиондой жаран чыгып кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: