Мадумаров боюнча депутаттык комиссия алдын ала чечим кабыл алышты
Эл өкүлү Адахан Мадумаров боюнча депутаттык комиссия алдын ала чечим кабыл алышты. Бул тууралуу журналисттерге депутат Исхак Масалиев билдирди.
Анын айтымында, депутаттык комиссия Мадумаровду жоопко тартуу боюнча башкы прокурордун сунушун четке какты. Чечимди Жогорку Кеңеш кабыл алат.
10-февралда депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча башкы прокурордун сунушу тууралуу депутаттык комиссия түзүлгөн.
Депутаттык комиссиянын курамына кимдер кирди?
- "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан Айбек Осмонов;
- "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан Исхак Масалиев;
- "Ынтымак" фракциясынан Мурадил Сыдыков;
- "Ишеним" фракциясынан Бахридин Шабазов;
- "Ыйман Нуру" фракциясынан Динара Ашимова;
- Элдик топтон Аманкан Кенжебаев;
- "Альянс" фракциясынан Азамат Исраилов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
10

