super.kg logo
  Саясат  

Абактагы инисине тийбесин деп “Смотрящийге” баңгизат алып бара жаткан адам кармалды

 

Бишкек-Ош унаа жолундагы “Сосновка” өткөрүү пунктунда баңгизат ташып бара жаткан адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Притон” рейдинин алкагында 3-мартта саат 20:15 чамасында Киа-Рио үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерүүгө алынган.

Анда унаада бара жаткан 1986-жылы төрөлгөн О.Т. аттуу тургундун коюнунан өзгөчө жыты бар 21 таңгак кочкул жашыл түстөгү заттар табылган.

Кармалган адам баңгизатты өзү жасагандыгын, аларды инисине абакта эч ким тийишпесин деп “Смотрящийге” алып бара жаткандыгын айткан.

Кармалган адам Бишкек ШИИББинин Убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: