super.kg logo

Чүйдө 50дөн ашык жаранга орто билими тууралуу аттестат берген окуу жайдагы коррупция аныкталды

 

УКМК тарабынан бардык мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу жасалма дипломдордун колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү жүрүүдө. Анын алкагында Чүйдүн Москва жана Панфилов райондорунда сырттан окуган орто мектептеринде чет мамлекеттердин жана Кыргыз жарандарына орто билими тууралуу аттестаттарды мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

"Кыргыз, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн жарандары ортомчулар аркылуу окуу жайлардын жетекчилигине жасалма кабыл алуулар боюнча кайрылышкан. Өздөрү окуу жылында өлкөнүн аймагынан тышкары жактарда жүргөнү жана сабактарга катыша албаганы, ошондой эле мамлекеттик экзамендерди тапшырбагандары такталды.

Ал эми документтерди мыйзамсыз бергени үчүн окуу жайлардын жетекчилиги 300дөн 600 долларга чейин акча каражатын алып турушкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуу жай өлкөнүн чегинен тышкары жакта жүргөн 52 студентке орто билими тууралуу аттестаттарды берген", - дешет мекемеден.

Азыркы учурда УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: