super.kg logo

Бишкекте алдамчынын торуна түшкөн жаран 90 миң сом зыян тартты. Шектүү 1 айга камалды

 

Бишкекте курулуш шаймандарын ижарага алып, аны сатып жибергенге шектүү жаран кармалды. Ленин РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кармалган жаран 90 миң сом зыян келтирген.

Маалыматка ылайык, 28-февралда шаар тургуну арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Арыздануучу чала таанышы алдамчылык жолу менен тендерди утуп алабыз деп курулуш иштерин жүргүзүү үчүн 18 даана шайманды ижарага алып, андан соң сатып жибергенин айткан. Анын кесепетинен шаар тургуну 90 миң сомго зыянга учураган.

Бул факты 209-берене менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары башталган.

"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү катары 1985-жылы туулган Э.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ленин райондук соту тарабынан шектүү 1 айга камакка алынды.

Андан тышкары Ленин РИИБине 4 жарандан арыз түшкөн. Анда Э.А`ны кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчү айтылган. Учурда башка жабырлануучулар тарткан зыяндын суммасы такталууда", - дешет мекемеден.

Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери суранат. Байланыш номерлери: 0(312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0 (700) 425-344, 0 (500) 404-040, 0(708) 840-808 же 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: