super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш: “Жүк 200дү” алып келүүдөн баш тарткан авиакомпанияларды лицензиядан ажыратуу сунушталууда

 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 25-ноябрдагы жыйынында “Жүк 200” маселеси көтөрүлдү. Депутат Турсунбай Бакир уулу Орусиядан Кыргызстанга “жүк 200” ташыган бир гана авиакомпания бар экенин айтты. “Башка авиакомпаниялар чет өлкөдө каза тапкан жаранды мекенине алып келүүдөн ар кандай шылтоолор менен баш тартышууда. Айрым компаниялар өлүктү тикесинен коюп мекенине алып келүүдө, буга жол берилбеши керек”,- деди Бакир уулу.  

Депутат Каныбек Иманалиев өкмөттүн мигранттар менен иш алып баруусун жетишсиз деп таап, бул маселени кийинки жылдын биринчи кварталынын күн тартибине киргизүүнү сунуштады. 

“Миллиондон ашык жаран учурда чет өлкөлөрдө. Мекенине кайтып келишсе, аларга ким жумуш таап берет? Ошондой эле “жүк 200дү” бекер алып келүүдөн баш тарткан авиакомпанияларды лицензиясынан ажыратууну сунуш кылам”,- деди Иманалиев. 

Жыйынтыгында комитет Тышкы иштер министрлигинин мигранттар менен иш алып баруусун жетишсиз деп тапты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: