super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: “Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү учурунда атайын фонд түзүлүшү керек”

 
"Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү учурунда атайын фонд түзүлүшү керек”-деди Кыргыз Республикасынын экономика министри Темир Сариев бүгүн, 25-ноябрда болгон маалымат жыйынында журналисттерге. 
Министрдин айтымында, “Кыргызстан Бажы биримдигине кирип, башкалар үчүн өз рыногун ачып жаткандыктан атайын фонд болушу керек. Бул фонд Кыргызстанга кайтарымсыз акча берип, ал аркылуу өкмөт инфляциянын жогорулап кетпөөсүн көзөмөлдөп туруусу шарт. Орусия тарап бул фондду түзүүнүн кажети жоктугун белгиледи. Алар Кыргызстан экономикалык жактан кыйын абалга тушукса, "каатчылыкка каршы фонддон" насыя алып, абалдан чыкса болот деген пикирин билдиришүүдө. Биз фонд түзүү багытында сүйлөшүүлөрдү дагы жүргүзөбүз. Эгерде атайын фонд түзүлбөсө, мамлекетте кымбатчылык болуп, экономикада кыйынчылыктар жаралат”,-деди министр өз сөзүндө. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: