Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү
Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-мартта саат 05:30дар чамасында Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында кар көчкү түшкөн. Анда жалпы 12000 куб метр кар көчкү түшкөн, жабыркагандар жок.
Буга байланыштуу Бишкек-Ош каттамы жабылып, эртең менен саат 07:15те толук тазаланып бүткөн. Ал эми саат 07:20да Арал постунда жеңил унааларга чектөө алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.