Кара-Сууда 6 жашар кызды зордуктоого айыпталган адам өмүр бою эркинен ажыратылды
Ош облусунун Кара-Суу районунда 6 жаштагы кызды зордуктоого айыпталып жаткан жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин Кара-Суу райондук сотунун өкүмү менен айыпталуучу Н.у.А. 6 жаштагы кыздын алсыз абалынан пайдаланып, ага карата өзгөчө мыкаачылык менен ыплас формадагы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап, ден соолугуна, психологиясына залал келтирген деп “зордуктоо” беренеси менен 20 жылга эркинен ажыратылган.
Райондук прокуратура бул өкүмгө макул болбой облустук сотко апелляциялык сунуштама келтирген.
Облустук сот бул ишти карап чыгып, айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыраткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.