super.kg logo

Украинанын Улуттук банкы Кыргыз өлкөсүн Орусиянын МИР карталарын тейлөөнү токтотууга чакырды

 

Украинанын Улуттук банкы Армениянын, Казакстандын, Тажикстандын, Вьетнамдын, Түркиянын жана Кыргыз өлкөсүнүн улуттук банктарын Орусиянын МИР төлөм системасынын карталарынан баш тартууга чакырды. Мындай маалымат Украинанын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяланды.

"Улуттук банк бул өлкөлөрдөгү банктарды банкомат жана POS-терминал түйүндөрүндө МИР карталарын тейлөөнү токтотууга, ошондой эле бул карталарды электрондук коммерцияда жана P2P которууларда колдонууга тыюу салууга чакырат", - деп жазылды Украинанын Улуттук банкынын сайтына.

Украина бул чакырык Орусияны каржылык басымды тез арада күчөтүү зарылчылыгына алып келерин белгиледи.

"Улуттук банк Орусиянын каржы секторуна каршы мүмкүн болгон бардык санкцияларды мобилизациялоого аракет кылат. Украинага каршы агрессияны каржылоо токтотулушу керек. Ошондуктан биз эл аралык өнөктөштөрүбүз бул багыттагы биздин демилгелерибизди колдойт деп терең ишенебиз”, - деген Украинанын Улуттук банкынын жетекчиси Кирилл Шевченко.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: