super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Мигранттар кайтып келсе, кандай жумуш орундары түзүлөт?"

 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Орусияда акыркы кырдаалга байланыштуу жумуш орундары кыскарып, мигрант мекендештер өлкөгө кайтып келсе, кандай жумуш орундары түзүлөт деген суроо менен министрлер кабинетинин өкүлдөрүнө кайрылды.

"Орусиядан башка өлкөлөр менен миграция маселеси боюнча иштер жүрүп жатабы?" деп суроо салды эл өкүлү.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Данияр Амангельдиев учурда тийиштүү министрликтерге жогорудагы маселе боюнча тапшырмалар берилип жатканын айтты.

"Азыркы учурда Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги эле эмес Тышкы иштер министрлигине Түркия, Корея өлкөлөрү менен миграциялык режимди жеңилдетүү боюнча тапшырмалар берилип жатат", - деди министрдин орун басары.

Ошондой эле ал массалык түрдө мигранттар өлкөгө кайтса, баарын жумуш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жок экенин кошумчалады.

Мындан тышкары депутат Акаев учак билеттеринин баасы кымбаттап жатканын, анын чечүү жолдорун сурады.

"Бул убактылуу нерсе. Анткени лизинг компаниялардын баары Европа аймагында жайгашкан. Орусия тарап деле бул маселени чечүү үстүндө. Алардын деле иш планы бар. Бир жуманын ичинде учактар кайра учуп баштайт деп ойлойм", - деди Амангельдиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: