super.kg logo
  Саясат  

Министрдин орун басары ундун канча убакытка жете турган запасы бар экенин айтты

 

Өлкөдө азык-түлүктүн баалары 3 жумадан бери туруктуу турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Экономика жана коммерция министринин орун басары Данияр Амангельдиев билдирди.

"Азык-түлүктүн баасы 3 жумадан бери туруктуу турат. Өсүү 5 пайыздын динамикасында гана бар. Доллар кымбаттаганы менен азырынча ички баалар туруктуу турат.

Бааларга доллардын көтөрүлүшү таасир этет. Андан кача албайбыз деп ачык эле айтып жатабыз", - деди ал.

Амангельдиев кризиске каршы план бүгүнкү күндө дагы уланып жатканын кошумчалады.

"Өлкө 2019-жылдан бери каатчылыктан чыга элек. Азыркы учурда бааларды турукташтыруу үчүн бюджеттен 12 миллиард 500 миллион сом керек. Финансы министрлиги менен бирге 7 миллиард сомдун алкагында иш-чараларды киргизип жатабыз", - деди министрдин орун басары.

Мындан тышкары ундун 6 айга жете турган запасы бар экени, учурда 26 ун чыгаруучу комбинат иштеп жатканы маалымдалды.

"Азыркы тапта кампаларда 6 айга жете турган ун бар. Буга чейин 2 жумага жеткен запастар болгон учурлар болгон. 5 ун чыгаруучу завод иштесе, учурда 26 заводдун баары иштеп жатат", - деп билдирди Амангельдиев.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында социалдык-экономикалык абал талкууланып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: