super.kg logo

Ошто өзүн Айбек деп тааныштырган жаран сатуучуларды алдап дары-дармек алып жүргөнү аныкталды

 
Ош шаарында өзүн Айбек деп тааныштырып, дарыканалардын сатуучуларын алдап жүргөн жаран колго түшүрүлдү. Ош ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, январь, февраль айларында 3 тургун арыз менен кайрылган.
Белгилүү болгондой, жабырлануучулардын үчөө теӊ шаар аймагындагы дарыканаларда сатуучу болуп иштешет. Алардын айтуусуна караганда, өзүн Айбек деп тааныштырган жаран алардын ишенимине кирип, кымбат дары-дармектерди насыяга алып, андан ары изин жашырып кеткен.
"Жабырлануучулардын бири он миӊ сомдон ашуун акча, экинчиси медициналык аппарат менен кымбат баалуу бир нече дарынын түрү, үчүнчү жабырлануучу Редми үлгүсүндөгү телефонун алдырткан.
Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Өзбекстандын жараны кармалды. Ал алдамчылык жолу менен алган дары-дармектердин көпчүлүгүн жана телефонду Өзбекстанга барып сатып жиберген.
Ош шаардык соту тарабынан шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, бир айга абакка киргизилди. Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилип жатат", - дешти мекемеден.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: