Венгриянын тарыхында алгачкы жолу аял киши президент болот
Венгриянын парламенти президенттикке алгачкы жолу аял кишини тандады. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, президенттикке Каталин Новак дайындалды. Бүгүн, 10-мартта бир палаталуу парламенттин депутаттарынын үчтөн экиси анын талапкерлиги үчүн добуш беришти.
44 жаштагы Новак Венгриянын тарыхында президент болгон алгачкы айым болмокчу.
Ал буга чейин үй-бүлө иштери боюнча министри болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.