super.kg logo

Түндө кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда кайрадан ок атышуу орун алды

 

Түндө кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда ок атышуу орун алды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-мартта саат 02:50 чамасында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде эки мамлекеттин чек арачыларынын ортосунда ок атышуу орун алган.

Анда Баткен районунун Эски-Таш жерлигиндеги Баткен-Исфана авто жолунун аймагында Тажикстандын чек ара кезмети жолдон өткөн авто унааларды таш бараңга ала башташкан. Кыргыз чек арачыларынын унааларга таш ыргытпоо талабын тажик чек арачылары этибарга алган эмес.

Ал эми кыргыз чек арачылары тажик аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин токтотуу максатында аргасыздан эскертүү иретинде асманга ок атышкан.

Ошол эле учурда ал жерде кызматын өтөп жаткан Тажикстандын башка чек ара кезмети кыргыз чек арачылары жайгашкан байкоо мунарасын көздөй ок атышкан.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек ара кезметтеринин ортосунда 20 минутага созулган ок атышуу орун алып, ок атышуу саат 03:10до токтогон.

Кыргыз тараптан жарадар жана жаракат алгандар болгон эмес.

Чыр-чатактын мындан ары күчөп кетпөөсүн алдын-алып Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, андан ары чыр-чатак орун алган жерде жолугушуусу пландаштырылган.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: